“Орусияда кыргыз жана тажик жарандары жабыр тарткан массалык мушташты уюштурган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 16-мартта Поляна айылында массалык мушташ чыккан. 15ке чукул славян улутундагы адамдар жеке курулуш фирмасынын жумушчуларын ур-токмокко алышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар жапа чегишкен. Бул кылмышка шектүү жаран кармалып, камакка алынды.