Ушул жылдын 9-апрелинде саат 16:30 чамасында Чүй районунун аймагынан Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу 4-класстын окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди. Кырсыкка кабылган бала жараат алгандыктан, ооруканага жеткирилген. Аталган окуя боюнча ыкчам кармоо иш-аракети жүргүзүлүп, изи сууй электе Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу, 27 жаштагы Чүй айылынын тургуну кармалган. Учурда автоунаа айып жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.