Ысык-Көл. Шахмат боюнча Каракол шаарынын мэринин Кубогу жыйынтыкталды

Каракол шаарында 23-26-декабрь күндөрү шахмат боюнча мэрдин Кубогу болуп өттү. Бул тууралуу облустук балдар спорт мектебинин машыктыруучусу Азамат Токтогожоев билдирди. Анын айтымында, мелдеш швейцариялык систем боюнча 9 турдан турду. Белгилей кетсек, мелдеш 2 категорияда өткөрүлдү: чоӊдор арасында (15 жаштан өйдө) жана өспүрүмдөр арасында (15 жаштан төмөн жаштагылар). Акыл таймаштардын жыйынтыгында чоңдор арасында 1-орунду Эрлан Сейталиев, 2-орунду Медет Жапаров жана 3-орунду Азамат Элебесов жеңип алышты. Ал эми өспүрүмдөр арасында Нурсултан Нурболот уулу чемпион аталса, Нурбек Ишенбек уулу 2-орунду жана Бекзат Молдалиев 3-орунду камсыздашты. Кошумчалай кетсек, Кубоктун жалпы байге фонду 10 миӊ сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан