Жалал-Абад шаарында тепме оорусу менен 9-класстын окуучусу катталды

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад кыргыз-түрк лицейинин 9-классынын окуучусу тепме оорусу менен ооруп ооруканага кайрылган. Мындай оорунун алдын алып, жалпыга жайылтпоо максатында Жалал-Абад шаардык мэриясында чукул жыйын болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга мектеп директорлору, аймактык башкармалыктын башчылары жана дарыгерлер катышты. Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык борбордун башчысы Үсөн Жоробаевдин маалыматы боюнча, учурда дагы 28 бала аталган оору менен оорушу мүмкүн деген ой менен үй шартында дарыланып жатат. 

Ал эми дарыгерлердин айтымында, алгач бала ысытмалап, эки жаагы шишип баштайт.

Учурда алдын алуу иштери жүрүп жатат. Оору катталган кыргыз-түрк лицейине эскертүү берилди жана күчөтүлгөн тартипте чаралар көрүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dadin
2014-04-14 17:13:44
Бул эмне болгон оору озу "тепме" деген
+1
Suluushka
2014-04-14 17:20:22
маалымат учун тепме оорусу эмне экенин жазып койгулачы, сураныч.
+1
ayjamal83
2014-04-14 17:32:41
Tepme oorusu, oruschasy parotit.
0
bek007
2014-04-14 21:43:47
ЭЭ биз да бир жылы мектепте жалпыбыз ушинтип ооруган элек. Жаактарыбыз дулдуйуп нан чайнай албай, баштарыбыз топтомолок болуп калган эле. Бирок ошондо деле топ тээп кочодо ойноп журчу экен элек тообо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан