Чүйдө жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

11-апрель күнү саат 00:30 чамасында Бишкек-Чалдыбар жолунун 78-чакырымында жашы 40-45 чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 14-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, окуяга күбө болгондор белгисиз БМВ унаасы катуу ылдамдыкта баратып жолдон өтүп бара жаткан жөө жүрүүчүнү сүзүп алганын айтышкан. Бирок айдоочу жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден качып кеткен. Ыкчам кармоо иштеринин натыйжасында аталган кырсыкка тиешеси бар деген шек менен Чалдыбар айылынын 24 жаштагы тургуну кармалып, ал башкарып жүргөн БМВ унаасы айып жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан