ЖКда 2013-жылдын республикалык бюджетинин долбоору артка кайтарылып, кайрадан каралмай болду

Бүгүн, 27-декабрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында "КРнын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору кошумча каражаттардын табылгандыгына байланыштуу 1-окууда каралып, кабыл алынды. Келерки жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибековдун берген маалыматына карганда, бюджет долбоорун экинчи окуунун жүрүшүндө кошумча каражаттар табылгандыгына байланыштуу анын негизги көрсөткүчтөрү кайрадан такталып, бир катар кошумчалар киргизилди. Жыйынтыгында келерки жылдын бюджетинин долбоору 2-окууда, бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактык комитеттерде каралмай болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан