Жалал-Абад облусунда 10-11-апрель күндөрү “Тонировка” аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол эрежелерин бузган 241 айдоочуга протоколдор толтурулуп, анын ичинен 13 айдоочу спирт ичимдигин ичип алып айдаганы белгилүү болду. Ал эми 48и - коопсуздук курун тагынбагандар, 41и - тез ылдамдыкта айдагандар, 22и - автоунаа башкарып бара жатып телефон колдонгондор, 6сы - мамлекеттик белгиси жок автоунаа башкаргандар. Аларга административдик чаралар көрүлдү.