Кылычбек Султанов: "Өз катабызды моюнга алуудан корксок, эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым пайда болот"

КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов "Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев бизди тажрыйбасы жетишсиз деп айыптады" деп билдирди. Анын айтымында, Социалдык өнүктүрүү министрлиги кароосуз калган улгайган адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү максатында долбоор иштеп чыккан. "Бирок аталган долбоор Каржы министрлигинде 2 ай каралып, бюджеттин дефицитинен улам колдоо тапкан жок. Биз бул тууралуу маалымат бергенибизде министрдин орун басары Арзыбек Кожошев бизди тажрыйбасыз деп айыптап, Каржы министрлигинин мындай аракети тууралуу ооз ачпашыбыз керек экенин айтты. Менимче, чиновниктердин этикасы - бири-биринин аракетин жаап-жашыруу эмес, а кызматын аткара албай жатса, ордун бошотуп берүү. Өз катабызды моюнга алуудан корксок, эл менен бийликтин ортосунда чоң ажырым пайда болот",- дейт К.Султанов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан