Бүгүн, 14-апрелде интернеттеги социалдык тармактарда "жаңы шайланган маданият министри Камила Талиева - Кыргыз Эл жазуучусу жана Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси" деген маалымат кызуу талкууланды.
"Камила Талиева Эл жазуучусу болгонго качан жетишти?" деген колдонуучулар таң калганын жашырышкан жок. “Бир кызматкер жумуштан айдалып же сөгүш алса керек” дегендер да болду.
Ал эми министрликтин басма сөз кызматы техникалык себептерден улам маалымат жаңыланбай калганын билдирди. Камила Талиеванын өмүр баянына тиркелген сыйлыктар жана наамдар мурдагы министр Султан Раевге таандык экенин кошумчалашты.