Жылнаама, 15-апрель: Мындан 2 жыл мурун Ош шаарында Каныбек Сейитов аттуу жаран өзүн-өзү өрттөп салган

* 1929-жылдын 15-апрель күнү Фрунзе шаарында почта кабарларын үйгө жеткирүү кызматын ачуу боюнча токтом кабыл алынган. Токтомдо почтаны үйгө жеткирүү үчүн кошумча акча алуу маселеси каралгандыктан, аталган кызмат башында шаардыктардын купулуна толгон эмес.

* 1949-жылдын бул күнү орусиялык ырчы Алла Пугачёва жарык дүйнөгө келген. Ал бала кезинен эле музыкага шыктуу болуп, өзгөчө ырга жакын болгон. 1980-жылдары "Рецитал" тобу түзүлүп, анын солисти катары бир кыйла ырлары менен эл арасында Алланын карааны алыстан көрүнө баштаган. Ал эми алгачкы ийгиликтери жөнүндө айта турган болсок, 1975-жылы өткөн "Золотой Орфей" фестивалына Алла Пугачёва "Все могут короли" ыры менен катышып, баш байгени жеңип алат. Буга катар 1978-жылы "Сопот-78" деген аталыштагы сынак өткөрүлүп, мында да баш байге ээси болгон. 

* Мындан 2 жыл мурун Ош шаарында Каныбек Сейитов аттуу жаран өзүн-өзү өрттөп салган. Ошол учурда жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген. Бирок анын денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп кеткендиктен, кечки саат 22:30да жарык дүйнө менен кош айтышкан. Маркумдун дептеринде: "Менин өлүмүмдүн себеби – мени Кыргызстандагы митингдер тажатты. Эч кандай саясат токубагыла! Мен Бабанов менен Атамбаевге ишенем! Адахан Мадумаровдон үмүт үзбөйм!”- деп жазылган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
furkat.0097
2014-04-14 19:03:52
тигил чондор жасашса керек муну дагы.
+1
asmat6
2014-04-14 20:26:47
Жайы жаннаттан болсун .Олгон озунун эле шору болуптур да АША БАБАНОВ МАДУМАРОВДОР ошол адамдын арбагын сыйлашаар бекен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан