Куудул, тамада, актёр, ырчы
Эрнест Бөрүбаев жаңы клип тарттырып, анда "эми сага арнап ыр жазбайм" деп сыздай баштады. "Куудул жигитибиздин жашоосу тынч эле болду бекен?" деп коңгуроо кылганбызда, ал баары жайында экенин айтып, жаңы чыгармасы тууралуу буларга токтолду:
"Бул ырдын сөзү Сатканбай Момуналиев агайга, обону Түмөнбай Колдошовго таандык. Ырдын текстин аябай жактырып, автордун уруксаты менен ырдап чыктым. Алгач досторума көрсөткөн элем. Баары бир ооздон жаккандыгын айтышты. Негизи, мындай терс көрүнүштөр жашообузда көп эле кездешет. Балким, кимдир бирөөлөргө сабак болот чыгар деген ойдо жеткиликтүү кылып тартканга аракеттендик.
Клиптин режиссёру - Эрнист Сыдыков. Ал эми сценарийи мага таандык. Башкы ролдорго актриса, алып баруучу Назира Бердигулованы жана Ош шаарында тамада болуп иштеген Аман Ибраев деген жигитти тандадык. Алгач Назира сценарийди окуп көрүп, "жаман кыздын ролу турбайбы" дейт. "Ой, сен актрисасың да, мындай көрүнүштөрдү элге жеткиришибиз керек да" десем, макул болду.
Клип эрте жазда, бир жуманын ичинде тартылды. Жалпысынан 1500 АКШ доллары сарпталды",- дейт Эрнест.