Электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу 15-апрелде Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.
Саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Учхоз, ГЭС-5, Аламүдүн, Лебединовка айылдарында, Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында, Чүй районуна караштуу Ферма, Кош-Канат, Он-Бир-Жылга, Прогресс, Маданият, Калиновка айылдарында, Жайыл районундагы Кара-Суу, Токтош, Сосновка, Ставрополовка айылдарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Өчүрүү жогорку чыңалуудагы "Туңгуч", "Ставроповоловка", "Военно-Антоновка", "Шамши" көмөк чордондорунан тараган 10 кВ аба электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу.