Орусияда 23 килограмм героин менен Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары 14-апрелде жазышты.
Маалыматка караганда, ташылып бара жаткан баңгизаты Челябинскте кармалган. Маңзат скотч менен оролгон. Ар биринин салмагы 1 килограммга жакын. Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.