Шотландия университетиндеги изилдөөчүлөр жасалма канды иштеп чыгуунун үстүндө алектенишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, адамдын негизги клеткасынан алынган жасалма кан донорго жарайт. Изилдөөчүлөрдүн бул иши 2016-жылы алгачкы жыйынтыгын көрсөтөт. Андан соң алар алгач кан оорулары менен ооруган адамга 5 миллилитр куюп, организмдин кандай кабыл аларын текшеришмекчи.