Барак Обама Путинди Украинанын түштүк-чыгышындагы активисттерди колдобоого чакырды

АКШнын президенти Барак Обама телефондогу сүйлөшүүдө Орусия президенти Владимир Путинди Украинанын түштүк-чыгышындагы активисттерди колдобоого чакырды. Муну бүгүн, 15-апрелде орусиялык маалымат булактары жарыялады.

“Президент өлкөдөгү пландуу аскердик даярдыгы жок, өз алдынча аракет кылып жаткан күчтөр куралдарын тапшырышы керектигин белгиледи” деп айтылат АКШнын Президенттик администрациясынын билдирүүсүндө. Путин өз таасирин орусиячыл активисттердин басып алган мекемелерин бошотуп берүүсү үчүн пайдаланышы керектигин айтат Обама.

АКШ лидери Украинадагы кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө дагы деле мүмкүнчүлүк бар экенин белгилейт.

Путин америкалык кесиптешин Украинада курал колдонбоо жана кан төгүлбөшү үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга үндөдү.

“Украинанын түштүк-чыгышындагы Донецк, Луганск, Харьков, Славянск жана башка шаарларындагы нааразычылык акциялары - Киев бийлигинин орус тилдүү калктын кызыкчылыгын эске алуу каалоосунун жоктугунун жыйынтыгы”,- дейт Путин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан