Кечээ, 14-апрелде Москва облусунун Домодедово шаардык соту “Орусиянын аймагына жасалма паспорт менен мыйзамсыз өттү” деп айыпталган кыргызстандык жаран Маратбек Эшанкуловду актады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар 14-апрелде жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, анын адвокаты Филипп Шишов Эшанкулов сотто жана тергөөдө өткөргөн убакыт үчүн компенсацияны талап кыларын билдирди.
“Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жалпысынан үч сүрөт экспертизадан өткөрүлүп, алардын экөө орой ката менен өткөндүгү аныкталды. Аларды Федералдык коопсуздук кызматы өткөргөн. Ал эми Орусиянын Юстиция министрлиги үчүнчү сүрөт экспертизаны жүргүзгөндө кыргызстандык жаран паспорттогу сүрөттө өзү экени тастыкталды”,- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, айыпталып жаткан адам 2010-жылы Кыргызстандан Орусияга жумуш издеп келген. Ал убактылуу жумушка уруксат алып, куруучу болуп иштеп баштаган. Бир жылдан соң Кыргызстанга кайтууга аракет кылганда, аэропорттогу чек ара кызматкерлери аны “жасалма паспорт жасаган” деп айыптап, кармап кетишкен. Кыргызстандын жараны Маратбек Эшанкулов үч сутка камакта отурган. Ал юрист жана туугандарынын жардамы менен бошотулган. Бирок күч органдары ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, "паспортундагы сүрөт башка бирөөнүкү" деп айыптап баштаган. Ушунун себебинен Маратбек 2,5 жылдын ичинде бир нече жолу камакка алынып, анын иши боюнча сүрөттүк экспертизалар өткөрүлгөн.