Өткөн сутка ичинде республика боюнча 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өрткө каршы мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Нарында 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Фрунзе көчөсүндөгү “Нурлан” базарында өрт чыгып, тиричилик техникалары сакталган кампанын 60 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Өрт саат 01:31де башталып, 04:58де толугу менен өчүрүлүп бүткөн.