Чүй облусунда автокырсыктан бир адам көз жумду

Чүй облусуна караштуу Чүй районунда автокырсыктан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-декабрда Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди. 25-декабрь күнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында кечки саат 19:15лер чамасында Ауди 100 унаасынын 26 жаштагы айдоочусу бир жаранды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. 55-60 жаштагы азиат улутундагы маркумдун азырынча өздүгү тактала элек. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан