Бишкек шаарында 56 жаштагы айым уурулук фактысына шектелип кармалды

Бишкек шаарында 56 жаштагы айым уурулук фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, борбор шаардын 23 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Бейшеналиева көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинен белгисиз адам 12 800 сомун жана уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.

Оперативдүү иштердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип Бишкек шаарынын 56 жаштагы С. Калыйман аттуу тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан