Бишкекте уурулук фактысына шектелип 12 жашар өспүрүм кармалды

Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын Т.Марат аттуу тургуну милицияга кайрылган. Анда ал Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги компьютердик клубдардын биринен күрмөсүнүн чөнтөгүнөн белгисиз бирөө акчасын уурдап кеткенин айткан. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 12 жаштагы Р.Тимур кармалган. Учурда Р.Тимур мыйзамдуу өкүлдөрдүн коштоосунда Биринчи Май РИИБине алынып келинди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан