Бүгүн, 27-декабрда ЖКнын жыйынында КРнын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссиясынын маалыматы угулууда. Аталган комиссиянын төрагасы Абдрахман Маматалиев гимндин текстин өзгөртүүнү сунуштап, ал эми желекти өзгөртүү маселеси азырынча токтотуп туруу чечимине келгенин билдирди. Депутат Мирлан Бакиров гимндеги "бейкуттукту" деген сөздүн ордуна "бекемдикти" деген сөздү колдонуу сунушун киргизди. Депутат Исмаил Исаков гимндин текстиндеги "алгалай бер, кыргыз эл, азаттыктын жолунда" деген сөзүн сынга алды. "Биз эмне, туткунда жүрдүк беле. Авторлордон кечирим сурайм, бул текст өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү",- деди Исаков.