18-19-апрелде Нарын шаарында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына жана кыргыз элинин таланттуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын мааракесине карата “Жаш таланттар - 2014” сынагы өткөрүлөт.
"Бул сынакта өспүрүмдөр “Манас" эпосунан үзүндү, элдик дастандарды айтышат жана улуттук аспаптарда кол ойнотушат. Мындан тышкары ырдоо, бийлөө, сүрөт тартуу жана кол өнөрчүлүк боюнча ат салышат",- деп билдиришет уюштуруучулар.
Белгилей кетсек, сынак 19-жолу өткөрүлүп жатат. Аны Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “Дордой” бирикмеси жана “Бал таттуу” коомдук уюму уюштуруп келишет.