2012-2014-жылдардын аралыгында Кыргызстанда жаңжалдардын алдын алуу максатында "Комтака" (англ. - СОМТАСА) аталышындагы долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде маалымат жыйынында аталган долбоордун жетекчиси
Мэри
Роуз О’
Брайен билдирди.
Анын айтымында, жаңжалдардын, чыр-чатактардын себептерин изилдөө жана алардын алдын алуу - долбоордун максаты. Ал Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында жүргүзүлгөн. Ага жалпысынан 300 чакты кыргызстандык катышты.
"Мисалы, Баткен облусунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лочин каналынан суу алуунун негизинде чыр-чатак пайда болгон. Жергиликтүү жарандар тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол каналды биргеликте тазалоону чечишкен. Жалпысынан 250 адам чогулуп каналды тазалаган соң, суу баарына жетип калган. Ошентип, улуттар аралык жаңжал болтурулган эмес",- деди долбоордун экинчи жетекчиси Руслан Молдокасымов.
Мындан тышкары ал жаңжалдар көп учурда жайлоолордо жана жер сугаруу жайларда болорун баса белгиледи.