Мыктыбек Абдылдаев: "Гимн ырдалганда баары ордунан тура калып уккудай болушу керек"
Депутат Мыктыбек Абдылдаев КРнын Мамлекеттик гимниндеги "ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар" деген сөзүн сынга алып, автордон бул сөздөр туура же туура эмес колдонулганын сурады. "Гимн кабыл алынып жаткан маалда мен 35 жашта болчумун, азыр токтолдум, ар бир сөздү ойлонуп сүйлөй турган болдум. Негизи гимн ырдалганда баары ордунан тура калып, толкундангыдай болушу керек. Азыркы текстте биздин ата-бабалар тоолор менен талааларды сактап келгендей маанини белдирип калган. Туура, кыргызда тоолор бар, бирок талаалар башка мамлекетте. Анын үстүнө кыргызда "талаалар" деген сөз башка маанини да билдирет. Мисалы, "талаалап кетти" дегендей". Айта кетсек, атайын түзүлгөн комиссия гимндин 2-куплетин алып салып колдонууну сунуштоодо.