2014-жылдын 1-кварталында жашы жете элек балдар тарабынан жасалган 51 кылмыш катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 1-кварталында өспүрүмдөргө карата жасалган 90 кылмыш иши катталып, анын 69у ачылган. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 51 кылмыш иши жасалган.
Акыркы үч айда өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуу боюнча атайын 21 профилактикалык рейд жүргөн. Анын натыйжасында 18 кылмыштын бети ачылып, кайыр сурап, үй-жайы жок жүргөн 319 өспүрүм аныкталган.