Өлкө башчы парламенттик шайлоого чейин биометриялык паспортторду киргизүүнү талап кылды

Бүгүн, 2014-жылдын 15-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин IV отуруму өтүп жатат. Анда 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоолорго даярдыктын жүрүшү тууралуу (“Таза шайлоолор – өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн негизи”) Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев айтып берди.

«Жоомарт Каипович, биометриялык паспортторду киргизүү 2017-жылга жылдырылганы таң каларлык. Парламенттик шайлоого дагы бир жарым жыл бар. Силер алдын ала шылтоолорду айтып, жетишпейбиз деп жатасыңар. Мамлекет башчы катары талап кылам, шайлоого чейин бул ишти бүтүргүлө,- деди Алмазбек Атамбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан