Бүгүн, 27-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Бишкек шаарынын башчысы Иса Өмүркуловдун катышуусунда мэрдин балаты майрамы өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Бишкек шаарындагы аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, балдар реабилитациялык борборлордун балдары жана коомдук иште өзүн мыкты көрсөтүп жакшы окуган 1500дей окуучу катышты. Жаңы жылдык жомокту балдарга арнап "Кыргызстан балдары" чыгармачылык тобу жана "Таберик" балдар музыкалык театры тартуулашты.