Кыргызстанда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү тууралуу тасма тартылат

Кыргызстанда балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү тууралуу тасма тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде парламенттик уктурууда балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү, "Жетим балдардын укугун коргоо" уюмунун директору Игорь Беляев билдирди.

"Тасма балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн тагдырын, кыздардын отургучтарда уктап жатканын, ал эми жигиттердин кылмыш чөйрөсүнө аралашып кеткендигин чагылдырат",- дейт Беляев жаңы тартыла турган тасма жөнүндө.

"Эгер биз жетим балдардын маселелерин кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашырсак, аларга алда канча жеңил болмок. Мисалы, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жумушка оңой менен орношо алышпайт. Жумуш берүүчүлөр аларды жумушка алуудан коркушат",- деп кошумчалады ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан