Эртең, 16-апрель күнү Жогорку Кеңеште Аял депутаттар форумунун алкагында Улуттук демократиялык институтунун колдоосу астында жолугушуу өтөт. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада парламент депутаттары Майрамкүл Тиленчиева, Элмира Жумалиева, Майрамкан Кадырбекованын Талас облусунун Кара-Буура районуна болгон иш сапарынын жыйынтыгы талкууланат. Ошондой эле USAID/DFID`дин Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү программасынын алкагында түзүлгөн Изилдөө фондунун бет ачары болот.