КРнын Гимнинин автору: "Гимндин тексти 238 тексттин ичинен тандалып алынган"

"КРнын азыркы Гимнинин тексти 238 тексттин ичинен тандалып алынган". Бул тууралуу ЖКнын 27-декабрдагы жыйынында гимндин текстинин автору Шабданбек Кулуев билдирди. Анын айтымында, эгер коомчулукка гимндеги айрым сөздөр туура келбей жатса, аны өзгөртүүгө макул. Ал эми депутат Өмүрбек Абдрахманов гимндеги бир-эки сөздү гана алмаштырып, калганын өз ордунда калтыруу зарылдыгын айтты. "Гимндин тексти эң сонун жазылган, анан тоосу туура эмес, талаасы жакпай жатат" дегенди токтотолу. Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик гербиндеги бүркүттүн 2 башы бар. 2 баштуу бүркүттү ким көрдү эле, алар унчуккан деле жок го",- деди Абдрахманов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан