Т.Сатылганов атындагы Адабий жана искусство музейинде акындын 150 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бүгүн, 15-апрелде Т.Сатылганов атындагы Адабий жана искусство музейинде демократ акындын 150 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

Аталган көргөзмө тууралуу музейдин жетекчиси Малдыбай Кайыпов: “Биз бул көргөзмөгө төкмө акын Токтогулдун сүрөттөрүн, портреттерин, китептерин койдук. Тилекке каршы, анын сүрөтү жок болчу. Жападан жалгыз сүрөтү гана сакталган. Ал эми графикалык сүрөттөрүн Герцен, Ильин, Осташев өңдүү сүрөтчүлөр тартышкан. Мында 40ка жакын картина бар”,- деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек мэриясынын алдындагы Маданият башкармалыгынын “Доор” чыгармачыл тобу, “Акак” комузчулар ансамбли жана башка өнөрпоздор Токтогул Сатылгановдун чыгармаларын аткарышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан