Бишкекте “Манас” үчилтигинин бүткүл дүйнөлүк маданият мурасы катары ЮНЕСКОго киргенине арналган азем болуп өттү

Бүгүн, 15-апрелде Улуттук илимдер академиясында “Манас”, “Семетей, “Сейтек” эпосторунун бүткүл дүйнөлүк маданият мурасы катары ЮНЕСКОго киришине байланыштуу салтанат болуп өттү. Иш-чарага ЮНЕСКОнун Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттериндеги өкүлү Сергей Лазерев, КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев жана башка бир топ маданият ишмерлери катышты.

Сергей Лазерев өз сөзүндө: “Кыргызстанда мамлекеттик бийликтегилер менен академия чөйрөсү жана бейөкмөт уюмдардын ортосунда карым-катнаштын бардыгы мени кубандырды. Анткени алар “Манас” эпосун эл аралык деңгээлге жеткиришти. Бирок муну менен токтоп калбаш керек. ЮНЕСКОго тиги же бул объекттин кириши улуттун жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат”,- деди.

"Диплом бүгүн, 15-апрелде расмий түрдө президент Алмазбек Атамбаевге “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында тапшырылат",- деп билдирет Улуттук академиянын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан