Орусиялык белгилүү ырчы Александр Розенбаум 12-13-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата өзүнүн чыгармачыл тобу менен Бишкекте “Эң мыкты” аталышындагы концертин берет. Бул концерттин уюштуруучусу, “Биздин Жеңиш” изденүү кыймылы билдиргендей, музыкалык кече Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алып, 3 саатка созулат. Ушул эле концерт 11-майда Канттагы авиабазада да коюлмакчы.
Белгилей кетсек, композитор Александр Розенбаум табиятынан эркектин күчтүү баритон үнүнө ээ ырчы катары белгилүү.