"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алып баруучусу" наамынын ээси
Нурзат Токтосунова учурда Түркиянын ТРТ "Аваз" телеканалында "Жаңы күн" көрсөтүүсүн алып барууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде телеалпаруучу өзү кабарлады.
"Жумуш күндөрүм абдан кызыктуу өтүп жатат. Телекөрсөтүүнүн ар шейшемби күнкү чыгарылышы Кыргызстанга арналган. Ал эми аптанын башка күндөрүндө Татарстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан тууралуу көрсөтүлөт. Көрсөтүүгө түрк маданиятына салым кошкон инсандарды да конокко чакырып жатабыз. Мисалы, өткөн жумада бизге Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков келген. Бул жолу балерина Айсулуу Токомбаева окуучулары менен конокто болуп кетти",- дейт акыркы жаңылыктары менен бөлүшкөн телеалпаруучу.
Эске салсак, Нурзат Токтосунова ТРТ "Аваз" телеканалынын чакыруусу менен март айынын аягында Түркияга сапар тарткан.