Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын жыйыны өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТүркПАнын эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы, түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы маалымат алмашуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында кызматташууну жолго коюу, түрк тилдүү мамлекеттердеги диаспоралардын ортосундагы карым-катнашты жандандыруу жана эл аралык мамилелер багытында кызматташуу боюнча бирдиктүү модель иштеп чыгуу белгиленген рекомендациялар кабыл алынды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү Майрамкан Кадырбекова, ТүркПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Ахлиман Амирасланов, ТүркПАнын Эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Үлкер Гүзел жана Кыргызстандагы Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын ыйгарым укуктуу элчилери катышышты.
Зулпукаров түрк тилдүү элдердин ата-бабалары чыныгы достуктун туруктуу пайдубалын түзүп, натыйжада ТүркПАга катышуучу өлкөлөрдүн уникалдуу маданий мурастарын жаратышкандыгын белгиледи.