Лондондук меценаттар Сүймөнкул Чокморовдун фондуна видеокамера белек кылышты    

Бүгүн, 15-апрелде лондондук меценаттар СССРдин Эл артисти, киноактёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун өздүк фондуна Чокморов тууралуу документалдык тасмаларды тартуу үчүн видеокамера тартуу кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган фонддун менеджери Бүбүжаңыл Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, Сүймөнкул Чокморовдун эстелигине каражат чогултуу үчүн 3 жылдан бери марафон уюштурулуп келет. Буга чейин 3 миллион сомдон ашуун каражат чогулган.   

Залкар инсандын 75 жылдыгына арналган монумент күзүндө Бишкек шаарында тургузулары пландалган. Учурда бийиктиги 5 метрге жеткен эстеликти жасоо иштери жүрүп жатат жана аны шаардын кайсы жерине тургузуу керектиги боюнча варианттар каралууда. Буга чейин эстеликти Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотуу боюнча шаар мэриясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан