Таиландда Сонгкран - Жаңы жыл майрамын белгилеген 2 күн аралыгында 100дөн ашуун адам набыт болуп, 893 жаран жаракат алды. Бул тууралуу 15-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, жыл сайын бул майрам адам өмүрүн алган жол кырсыктары менен коштолуп келет. Көпчүлүк жол кырсыктары айдоочулар мас абалында унаа айдап, катуу ылдамдыкта бара жатканда катталат. Алардын 80 пайызы мотоциклдердин катышуусунда өтөт.
Таиландда Жаңы жыл Балык жылдызынын айы бүтүп, Кой жылдызына өткөн учурда белгиленет. Аталган өлкөнүн жашоочулары Жаңы жылды апрель айында майрамдаганы менен, өлкөдө 31-декабрда аяктаган календарь колдонулат.
Падышачылыкта Сонгкран майрамы расмий түрдө 13-апрелден 15-апрелге чейин белгиленет.