2014-жылдын 14-апрелинен тарта Өзбекстандын Кыргызстандын түштүгүнө жаратылыш газын берүүнү токтотушу боюнча Улуттук оппозициялык кыймыл билдирүү жасады. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде аталган уюмдун басма сөз кызматы жарыялады.
“Газ берүүнүн үзгүлтүккө учурашына кыргыз өкмөтү күнөөлүү. Анткени Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы 2014-жылга газ берүү боюнча мамлекеттер аралык келишимде "Кыргызгаз" компаниясынын кожоюну өзгөрө турган болсо, "УзТрансГаз" газ берүүнү токтотот деген берене жазылган.
Жакында президент Алмазбек Атамбаев жана кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасын орусиялык "Газпромго" 1 долларга сатып жатып, газ берүүнү үзгүлтүккө учуратчу мындай жагдайларды эске алган эмес. Өкмөттүн шалаакы жана компетентсиз иш-аракетинен улам жүз миңдеген карапайым кыргызстандыктар запкы чегүүдө. Улуттук оппозициялык кыймыл Кыргызстандын байлыгын чет өлкөгө саткан президент Атамбаев менен өкмөттүн иш-аракетин кескин түрдө айыптайт жана экономика тармагын тейлеген биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин отставкасын талап кылат”,- деп айтылат билдирүүдө.