“Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталып жаткандар боюнча сот отуруму 18-апрелге жылдырылды

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда “Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталып жаткандар боюнча сот отуруму болмок. Бирок жабырлануучу тараптын келбегендигине байланыштуу 18-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири Абай Узаков бүгүн, 15-апрелде билдирди. 

Ал эми сот жообуна тартылып жаткандардын бири, Саруу айылынын Жаштар комитетинин төрагасы Кайрат Качаганов: “Учурда сот жообуна тартылып жаткан Айбек Сарыбаев камакта отурат. Калгандарыбыз эч жакка чыкпоо каты менен боштондуктабыз”,- деди.

Айта кетсек, буга чейин “Караколдо баш аламандык уюштурушту” деп айыпталгандардын экөөсү 8 жылга, экөөсү 4 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында «Кумтөр» боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун 18 тургуну кармалып, аларга «барымтадагыларды бошотпоо», «бейбаштык» жана «бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurali20
2014-04-15 15:53:51
Кумтордун пайдасынан зыяны коп чынында.Жаш балдар ар кандай дефект менен торолуудо,анын бири шек билгизбей жок кылынат,врачда,ата-энеси да унчукпайт.Кандай жол менен,кантип ооздорун басат табышмак?1-акча менен бул турган иш,ал эми кээ бир уй-булоого акча анча зарыл эмес бирок алар да арызданбайт,кандайдыр бир жол менен тынчтанышат.Бул факт!Биздин генге доо кетип жатат.Мындай ымыркайлардын жок кылынышы бул -кылмыш.
0
jaazira13
2014-04-15 18:37:29
факт дегени менен коркпой эле корсотпойбу???? откон жылы минздравтын врачтары барып аномалиялык эч нерсе тапкан жокко???бир популист бир деме деп кыйкырып койсоле эл ишене берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан