Украинадагы кырдаал: Турчинов Донецк облусунда террорчулукка каршы операция башталганын айтты (фото)

Украинанын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Раданын төрагасы Александр Турчинов Донецк облусунда террорчулукка каршы операция башталганын айтты. Бул тууралуу 15-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, парламенттин жыйынын ачып жатып операциянын максаты Украина элин коргоо, террорчулукту жана өлкөнү бөлүктөргө бөлгөндү токтотуу экенин билдирди. Ошондой эле Украинанын жарандарын Куралдуу күчтөрдүн катарына кошулууга чакырды. 

“Баатырдыгын көргөзгүсү келген жарандарга сураныч менен кайрылам. Биз азыр милицияны жаңылап жатабыз. Украинаны коргогуңар келсе, Куралдуу күчтөрдүн катарына өз ыктыярыңар менен келгиле”,- деди Турчинов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан