Орусиянын президенти Владимир Путин Алла Пугачёваны туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, 15-апрель - Орусиянын примадоннасы Алла Пугачёванын туулган күнү. Бул жылы 65 жаш мааракесин белгилеп жаткан ырчыны кесиптештери, жакындары гана куттуктап тим болбостон, президент Владимир Путин да куттуктоо сөзү менен телеграмма жөнөткөн. Бул тууралуу бүгүн орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Владимир Путин “Бүткүл элдин сүйүктүү ырчысы, мекендин эстрада жылдызынын мааракеси – сиздин талантыңызды сыйлагандар үчүн чоң, майрамдык салтанат. Сиздин жаркын жана берекелүү талантыңызды, талыкпаган эмгегиңизди, искусствого чексиз берилүүңүздү чын дилден сыйлайбыз. Сиз жетишкен ийгиликтер менен токтоп калбастан, өзүңүздүн энергияңыз, кызыктуу, жаңы идеяларыңыз менен кийинки муунду бириктирип келесиз” деп жазылган телеграмма жөнөткөн. 

Белгилей кетсек, Алла Пугачёва - СССРдин Эл артисти, Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Ал ырчы катары гана эмес, эстрада режиссёру, продюсер, композитор жана телеалпаруучу катары таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Begim8678
2014-04-16 13:19:12
Кылымдын чыгаан айымы!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан