“Дордой” базарында табылган күмөндүү эки чемодан сантехникке тиешелүү болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 15-апрелде билдирди.
“Бүгүн түшкө маал "Дордой" базарында күмөндүү эки чемодан тургандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Дароо ал жакка атайын топ жөнөтүлүп, тегереги курчоого алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында ал чемодандар сантехникке тиешелүү экени аныкталган. Ичинде атайын сантехникке тиешелүү каражаттар болгон. Учурда анын ээсин издөө иштери жүрүүдө”,- деди Бакыт Сейитов.