Парламент депутаттары Каныбек Иманалиев менен Малик Осмонов Жогорку Кеңештин имаратынын расмий атын, башкача айтканда, "Ак үйдү" "Эл ордо" деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоор сунушташты. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
“Бишкек шаары, Чүй-205 дарегинде жайгашкан административдик имаратта КРнын Президенти жана КРнын Жогорку Кеңеши иш жүргүзөт. Эл оозунда ал Ак үй деп айтылып келет. Бирок Ак үй АКШнын президентинин расмий резиденциясы экенин баса белгилеп кетүү зарыл. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин имаратынын расмий аты - Өкмөт үйү. Ошол эле учурда КРнын Өкмөтүнүн имараты Бишкек шаары Абдумомунов-207 дарегинде жайгашкан. Анын расмий аты - КРнын Өкмөтүнүн үйү.
Мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек шаары, Чүй-205 дарегинде жайгашкан “Өкмөт үйү” деген ат “Эл ордо” деп алмаштырылат.
КРнын Президентинин жана КРнын Жогорку Кеңешинин имаратын “Эл ордо” деп расмий атын алмаштыруу Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөсүнө, маданиятынын жана каада-салттарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот”,- деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.