Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-апрелде Бишкек менен Оштун мэрине жана облус башчыларына 5 күндүн ичинде жылдык планды даярдоо тапшырмасын берди. Ага ылайык, 20-апрелге чейин эки шаардын башчылары 2014-жылы жасала турган иштеринин планын көрсөтүшү керек.
Айта кетсек, бүгүн премьер-министр облус башчылары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери менен жолугушту. Анда Оторбаев өзүнүн жана вице-премьер-министрлердин жакынкы пландарын айтты.
Ушул аптада премьер-министр иш сапары менен Баткенге барып, чек ара маселеси курч турган айылдардын абалын көрүп чыгат.