Мамлекеттик гимндин бир куплети кыскартылды

Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеште КРнын Мамлекеттик гимнинин текстин жана Мамлекеттик желегинин сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссиянын чечими каралды. Комиссиянын төрагасы депутат Абдырахман Маматалиевдин айтымында, бул маселе боюнча комиссия курамына 15 адам кирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик символдордун авторлору, окумуштуулар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл уюмдардын өкүлдөрү бар. Комиссиянын чечимине ылайык, гимндеги “бейкуттук" деген сөз кошулган куплет кыскартылды. Жыйынтыгында комиссия тарабынан сунушталган гимндин жаңы варианты көпчүлүк депутаттардын добушу менен кабыл алынды. Гимндин кыскартылган варианты төмөндөгүчө:

Ак мөңгүлүү аска-зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар.

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп.

Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырмасы:

Алгалай бер, кыргыз эл,

Азаттыктын жолунда.

Өркүндөй бер, өсө бер,

Өз тагдырың колуңда.

Аткарылып элдин үмүт, тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги.

Бизге жеткен ата салтын, мурасын,

Ыйык сактап урпактарга берели.

Кайырмасы:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан