Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 15-апрелде 2010-жылкы Апрель окуясынын катышуучулары менен жолугушту. Алардын Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Социалдык фондго дооматтары көп экенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Сариева: “Апрель окуясында каза болгондордун үй-бүлөлөрүн жана жабырлануучуларды социалдык жактан колдоо боюнча өкмөт бир жыл мурун чечим кабыл алган. Тармактык министрликтер өздөрүнүн милдетин аткарууга тийиш”,- деп билдирди.