Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарынын Ленин көчөсүнөн троллейбус менен Nissan үлгүсүндөгү автоунаа кагышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, троллейбус МСО аймагынан чыгышты көздөй бара жатып жеңил унаа менен кагышып, жолдон чыгып кеткен. Ал эми жеңил унаанын оң капталы жараксыз абалга келген.
Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын ага инспектору Медина Султаналиева: “Унаалардын кагылышуусунан адамдар жаракат алышкан жок. Бул жол кырсыгына жеңил унаанын айдоочусу күнөөлүү болуп табылды. Анткени ашып өтүү учурунда жол эрежесин бузган”,- деп билдирди.
Учурда Нарын ШИИБи тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.