Токтогулда
жол кырсыгынан каза болгон милиционерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Тийиштүү жарлыкка КРнын Президенти
Алмазбек Атамбаев кол койгон. Ага ылайык, президенттин резервдик фондунан жардам катары 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 12-апрель күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында Тойота Дон-Хенг унаасы жолдон чыгып, 150 метр бийиктиктен кулап кеткен. Анын кесепетинен Ички иштер министрлигинин 2 кызматкери каза болгон. Алар: 1982-жылы туулган Нургазы Молдожакыпов жана Максат Жоробеков.