Таш-Көмүр шаарында трактор менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Таш-Көмүр шаарында трактор менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу кечээ, 15-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-апрель күнү саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 468-чакырымында катталган. Анда Ош тарапка бара жаткан Мерседес-Бенц 220 унаасы алдындагы трактордун сокосуна урунган. Анын кесепетинен жеңил унаа жараксыз абалга келген. Ал трактор оодарылып кеткен. Ошондой эле бул жол кырсыгынан 5 адам жабыркаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө эки айдоочу тең мас абалында болгону аныкталган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
BoNJuR
2014-04-16 08:40:43
arak i4pei.baala.i4kirler.
+1
chyngyz84
2014-04-16 09:39:48
Эх, арактын кесепети!
+1
Manap_kg
2014-04-16 11:53:37
КЫРГЫЗДЫ шыйрака чаап буттан тарткан ушул арак болуп атат байагы куну ичкенин койдурам деген бироого тууганымды алып барсам элдин кобун айтба
0
samaro4ka
2014-04-16 12:09:36
мерседестин айдоочусу сопсоо эле болгон, эч кандай мас эмес эле. Ал озу таксисит болсо, арак ичип алып жолго чыкмак беле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан