Премьер-министр Баткен облусуна иш сапары менен барат

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 15-апрелде Ош жана Бишкек шаарларынын калаа башчылары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы чек арага аймакташ райондорду тереңирээк иликтөө үчүн келе жаткан жумада Баткен облусуна иш сапары менен бара турганын билдирди.

Жоомарт Оторбаев жыйында өз мерчемдери менен 4 вице-премьер-министрдин мерчемдери жөнүндө кабарлап, жакын арада Кыргызстандын аймактарына барып, көйгөйлүү маселелерин жеринде чече тургандыктарын маалымдады.

Талкууда аймактарга инвестициялык кызыгууну тартууну жогорулатуу, бул максатта жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу сөз болду.

Жергиликтүү бийлик өз ишинде инвестиция тартуу жана жаңы жумушчу орундарын камсыздоого басым жасоосу абзел. Аймактарда болгон экономикалык потенциалды жогорулатуу жана көйгөйлөр жаралбагыдай жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”,- деди Оторбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан